БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессти ири шаарлардагы жергиликтүү бийликке өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөндөр үчүн жагымдуу шарт түзүүгө тыюу салууга чакырды. Өлкө башчы соцтармагы аркылуу кайрылганын РИА Новости жазды.
"Американын шаарлары мыйзам бузган кылмышкер мигранттар үчүн эмес, Американын мыйзам чегинде жашаган жарандары үчүн гана коопсуз жай болушу керек. Мындай талап Американы кайрадан улуу державага айлантууга шарт түзөт", — деген Трамп.
АКШ лидери Миннесота губернатору Тим Уолц менен Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрей башында турган демократтарды администрация менен расмий кызматташууга чакырды. Мында кеп мыйзамсыз жүргөн мигранттардын баарын ICE иммиграциялык полициясына өткөрүп берүү, жергиликтүү полицияны кылмышы үчүн издөөдө жүргөн мигранттарды кармоо жаатында федералдык укук коргоо органдарына жардам берүүгө ынандыруу тууралуу болууда.
Белгилей кетсек, Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында ICE рейдинен кийин бир нече адамдын өлтүрүлүшүнөн улам тутанган каршылык акциялары уланып жатат. Шаар көчөлөрүнө оор техника чыгарылып, митингчилер баррикадаларды куруп алышкан.