БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Минкабдын аппараттык кеңешмесинде окуучуларды бир мектептен экинчисине которуунун электрондук механизмин киргизүү боюнча демилге талкууланды.
Минкабдын маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2 170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Бирок окуучуну бир окуу жайдан экинчисине которуу процесси дагы деле кол жазма режиминде жүргүзүлүп келет. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев электрондук механизм коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөрүн, кызматкерлердин жүгүн азайтып, процессти ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү кыларын белгилеген.
"Биз ата-энелер көнүп калган 1-класска электрондук каттоодон ийгиликтүү өттүк. Эми которуулар менен да ушундай тартипти орнотууга убакыт келди. Система класстарда бош орундардын бар экендигин автоматтык түрдө көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун жокко чыгарышы керек", — деди Касымалиев.
Талкуунун жыйынтыгында Билим берүү министрлигине кыска мөөнөттө жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда окуучуларды которуунун электрондук системасын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.
Ошондой эле жыйында туристтер өлкөдөн киргенден чыкканга чейинки көрсөтүлчү кызматтарды бириктирген "Санариптик туристтик платформа" түзүү тапшырылды.