Иран ТИМи башаламандыкта 30 миң адам каза болду деген маалыматты четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи өлкөдөгү митингдерден улам 30 миң адам курман болду деген Батыш маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүн четке какты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Гитлердин стилиндеги калп: Алардын ушунча ирандыктардын өмүрүн алгысы келгениби? Ишке ашыра алышкан жок, эми ЖМКлар аркылуу ушундай фейктерди таратууга аракет кылып жатышат. Болуп көрбөгөндөй эле кара ниеттик!" — деп билдирди Багаи X социалдык тармагында.
Буга чейин Батыш басылмаларында Ирандагы нааразылык акциялары учурунда 30 миңден ашуун адам каза тапканы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми жума күнү тышкы иштер министри Аббас Аракчи митингдин курмандыктарынын саны 3 117ге жеткенин билдирген.
Иранда митингдер 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валютанын девальвациясынан улам башталып, кийин куралдуу башаламандыкка айланган. Мындай шартта өлкөдө интернет өчүрүлүп, нааразычылык акцияларына катышкандар менен укук коргоо кызматкерлеринин арасында курман болгондор бар экени тууралуу кабар тараган. 12-январда расмий Тегеран кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирген. Президент Масуд Пезешкиан экономикалык реформалар улантыларын убада кылып, башаламандыктарды уюштурууда АКШ менен Израилди айыптаган.
Катылгандын катыгын беребиз. Иран кандай чабуул болсо да жооп берерин эскертти