БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановдун мурдагы жубайына коргоо ордери берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн эл өкүлүнүн мурунку жубайы А.А. милицияга арыз менен кайрылып, мурдагы күйөөсү ага көптөн бери психологиялык басым көрсөтүп, кол көтөрүп келгенин айткан.
Окуя шаардык милиция жетекчисинин жеке көзөмөлүнө алынып, көрүлгөн чаралардын алкагында коргоо ордери чыгарылды.