БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коомдук ишмер Роза Айтматова дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун арбагын мазактабоого, атын саясий талаш-тартыштарга аралаштырбоого чакырды. Кайрылууну "Кабар" агенттиги жарыялады.
"Чыңгыз агамдын 100 жылдык мааракесин деле өткөрбөй эле коёлу деп өкмөттөн суранайын деп жатам. Анткени артынан "Айтматовдун 100 жылдык мааракесине бөлүнгөн каражатты башка жакка жумшаса болмок да" деген сөздөр чыгарына көзүм жетип турат", — деген Айтматова.
Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына бөлүнө турган каражатты жөнөкөй элдин абалын оңдоого жумшоо оң. Мындай сооптуу иш жазуучуга болгон чыныгы сый-урмат, чыныгы эстелик болот.
"Агамдын көзү өткөнүнө 17 жыл болсо да жанын койбой, айрымдары аны сөз кылып, табакташ же дос болгонсуп сүйлөп, сынга алышыптыр. Көзү өтүп кеткен адам жөнүндө жаман сөз айтууга болбойт дешет элде, бирок болор иш болду. Агамды тынч жаткан жеринен бир козгоптурсуңар", — деген Айтматова.
Эскерте кетсек, буга чейин Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовго берген интервьюсунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын сындап, анын чыгармаларын "беш тыйындык" деп баалаган. Мындай пикир коомчулукта нааразычылык жаратып, талкууга алынган.