БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Чоң Чүй каналынын батыш тарабы бетондолот. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Министрдин айтымында, долбоордун сметалык баасы 37 миллион евро деп бааланууда. Азыркы учурда ЧЧК аркылуу келген сугат суунун 50-55 пайызы коромжу болуп жатат. Каналдардын жерпайы бетондолсо бул жоготуулар кескин кыскарып, айдоо аянттарына сууну толук жеткирүүгө шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, бетондоо менен канал аркылуу агып келип, жерге сиңип, жер астында жайылышын көзөмөлгө алып, каналдын ылдыйкы зонасында сазга айланган жерлерди кургатууга өбөлгө түзүлөт. Бул дыйканчылык жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле калктуу пунктуларга жакын аймактарда жаңы конуштарды түптөп, турак жай куруу үчүн жерлерди пайдаланууга жол ачары айтылды.