1934-жылы 26-январда Берлинде Германия менен Польша ортосунда күч колдонбоо тууралуу декларацияга кол коюлган. Документ тарыхта "Пилсудский–Гитлер пакты" деген аталыш менен белгилүү.
Польша Адольф Гитлердин өкмөтү менен келишим түзгөн алгачкы европалык өлкө болгон. Декларацияга Германиянын тышкы иштер министри Константин фон Нейрат жана Польшанын Берлиндеги элчиси Юзеф Липский кол койгон. Бул келишим Гитлерге чыгыш чек арасын убактылуу кооптонбой, аскердик потенциалын күчтөндүрүүгө шарт түзгөн.
Кийин Польша Мюнхен келишиминен соң Чехословакиянын аймагын бөлүштүрүүдө Германия тарапта болгон. 1939-жылы Гитлер Польша менен түзүлгөн пактыны жокко чыгарып, 1-сентябрда өлкөгө кол салган. Натыйжада Экинчи дүйнөлүк согуш башталган.
Пактыга кол койгон Константин фон Нейрат Нюрнберг трибуналынын чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылган.