Ала-Букада жубайлар эки баласы менен иске ууланып каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ала-Букада көмүрдөн чыккан иске ууланып бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан үйдөн жубайлар менен кошо бир жана эки жашар кыздардын сөөгү табылган.
Окуя тууралуу маалымат саат 12:20 чамасында 102 кызматына түшкөн. Жеринде ИИМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошто үй-бүлөдөгү үч бала иске ууланып каза тапты