Куба президенти: АКШ кол салуунун арты кандай болорун түшүнүшү керек

Венесуэладагы аскердик операциядан кийин америкалык президент Кубага сес көрсөтө баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ Кубага кол салуунун куну болорун түшүнүшү керек, анткени Гавана кол куушуруп отуруп бербейт. Бул тууралуу өлкө президенти, Улуттук коргоо кеңешинин төрагасы Мигель Диас-Канель Бермудес аскердик машыгуу маалында айтканын РИА Новости жазды.

"Империализм өлкөбүзгө кол салуунун арты кандай болорун ойлонгудай кылышыбыз керек. Бул — чабуулду алдын алуунун эң туура жолу. Анын баары биздин согушка даярдыгыбыздын деңгээли менен байланыштуу", — деген президент.

Мигель Диас-Канель Бермудес ишемби күнү Коргонуунун улуттук күнүнө карата өткөн иш-чаралардын алкагында танк бөлүгүнө барып, куралдын ар түрү пайдаланылган тактикалык окуу-машыгууларга күбө болгон. Абадан коргонуу бөлүгү өлкө башчысына техниканын даярдыгын көрсөткөн.
Эскерте кетсек, Венесуэладагы аскердик операциядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Кубага сес көрсөтө баштаган. Аралда жайгашкан бул мамлекет мындан ары Венесуланын мунайын ала албай турганын да айткан болчу.
АКШ Кубаны деңиз блокадасына алып, туш тараптан кысмакка алмакчы