БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 27-январь, шейшембиде, күндүз тоолуу райондорда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө -1...+4 градуска чейин жылыса, Нарын өрөөнүндө -4...-9 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +5...+7 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +1...+6 градус жылуу болот.