Курулуш министрлиги дагы бир курулуш компаниясына жаңы курулуш иштерин баштоого убактылуу тыюу салды Трамп Конгресстен мигранттар баш калкалоочу шаарчаларга тыюу салууну өтүндүКасымалиев өлкөдө бийликке болгон ишеним индекси тарыхый рекорд жаратканын айттыАлдыда кененирээк2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына ылайык, калктын бийликке болгон ишеним индекси 46,2 баллга жетип, тарыхый рекорд койгонун Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында белгиледи. Бул тууралуу минкабдан билдиришти. Касымалиевдин айтымында, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 18 пайызга көп. Акыркы жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн сапаттык жактан жогорулашын жана алардын коомдун талаптарына багытталгандыгын ачык көрсөтүп турат. "Индекстин мындай олуттуу өсүшү Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий курска жана анын командасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасына калктын жогорку ишениминин түздөн-түз далили болуп саналат", — деп белгиледи өкмөт башчы. Ал мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө "иштин темпин басаңдатпоону" тапшырды.
Курулуш министрлиги “Элит Строй сити” компаниясына жаңы курулуш иштерин баштоого убактылуу тыюу салды Комиссия түзүлүп, компаниянын Ош облусундагы бардык объектилери текшерилмей болду. Буга чейин соцтармакта Ош шаарындагы курулуп жаткан “Манас” турак жай комплексинен батир сатып алгандардын видеосу тараган. Видео былтыр күздө тартылганы аныкталып, анда компания каржылык кыйынчылыкка туш болгонун айткан. Азыр иш нукка түшүп, курулуш жүрүп жатканы айтылды.
АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессти ири шаарлардагы жергиликтүү бийликке өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөндөр үчүн жагымдуу шарт түзүүгө тыюу салууга чакырды. Өлкө башчы соцтармагы аркылуу кайрылганын РИА Новости жазды. "Американын шаарлары мыйзам бузган кылмышкер мигранттар үчүн эмес, Американын мыйзам чегинде жашаган жарандары үчүн гана коопсуз жай болушу керек. Мындай талап Американы кайрадан улуу державага айлантууга шарт түзөт", — деген Трамп. АКШ лидери Миннесота губернатору Тим Уолц менен Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрей башында турган демократтарды администрация менен расмий кызматташууга чакырды.
Индиядагы Улуттук медициналык изилдөө институтунун дарыгерлери Колката зоопаркындагы жарганаттар өлүмгө алып келүүчү Нипах вирусун ташуучулар экенин аныктоо үчүн анализ жүргүзө баштады. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди. Январь айынын ортосунда өлкөнүн чыгышындагы Батыш Бенгалия штатынын бийлиги эки медициналык кызматкер Нипах вирусун жуктуруп алганын кабарлаган. Ооругандар өздөрү иштеген Барасаттагы оорукананын изоляторуна жайгаштырылып, жасалма дем алдыруучу аппараттарга туташтырылган. "Улуттук медициналык изилдөө институту Колкатанын түштүгүндөгү Алипур зоопаркында жарганаттар арасында ОТ-ПЦР ыкмасы менен тандалма тесттерди жүргүзө баштады. Дарыгерлер тобу зоопарктагы жарганаттардын канын жана мазокторун алышты", — деп айтылат телеканалдын маалыматында. Ошондой эле эксперттер тобу үлгүлөрдү чогултуу үчүн штат боюнча жарганаттар байырлаган башка аймактарга да барышат.