Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы: сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатабы?

Sputnik
Быйыл Кыргызстанда суу тартыштыгы болушу мүмкүн деп айтылууда. Айыл чарбаминистрлиги дыйкандарды суу үнөмдөөгө чакырып, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын сунушташат. Бул ыкма сууну 3–5 пайызга чейин үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет. Тамчылатып сугарууда суу түздөн-түз өсүмдүктүн тамыр зонасына жеткирилет, бул ашыкча жоготууларды азайтат жана өсүмдүктүн өсүүсүнө оптималдуу шарт түзөт. Ал эми жамгырлатып сугаруу болсо чоң аянттагы талааларды бир калыпта сугарууга ылайыктуу болуп, кургакчылыкка чыдамдуу эгиндердин өсүшүнө жардам берет. Бул тууралуу кененирээк Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын суу үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча секторунун башчысы Дүйшөнкул Рысбаев айтып берди.