Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Аймактык каттамдарга авибилеттин арзандатылган баасы бекитилдиИндияда эпидемия коркунучу бар Нипах вирусу кооптондуруудаБишкекте метробус жана трамвай жүргүзүү пландалуудаАлдыда кененирээкМэрия “2050-жылга чейин Бишкек шаарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Башкы планга ылайык, 2050-жылга чейин шаардын калкы дээрлик эки миллионго жетип, агломерациясы менен 2,5 млн кишиге чейин өсөрү болжонууда. Ошого жараша инфраструктураны да өнүктүрүү каралган. Алсак, “Манас” аба майданы реконструкцияланып, шаарды айланып өтүүчү жол салынат. Мындан тышкары, курулуш аймактарын айланып өтүүчү темир жол магистралдык линиясын куруу мерчемделген. “Батыш — Чыгыш” багыты боюнча шаар ичиндеги темир жол транспортун, трамвай жана метробус жүргүзүү пландалууда.
Asman Airlines компаниясы дотациялык аба каттамдарынын программасын кеңейтип, алардын санын көбөйттү. "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын маалымат кызматы билеттердин баасы белгиленгенин билдирди. Бул программа региондорду өнүктүрүүгө жана ички туризмди колдоого багытталган.Анда Бишкек-Талас, Бишкек-Нарын жумасына эки ирет 2100 сомдон, Бишкек-Кербен 3600, Бишкек-Казарман 3100, Бишкек-Раззаков жана Бишкек-Баткен каттамдары жумасына 6 жолу учуп, баасы 4500 жана 4800 сомдон болсо, Бишкек-Каракол 4000, Ош-Каракол 5000 сомдон болот. Тарифтердин Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас каттамдарына тиешеси жок экени айтылды. Билеттерди Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот. Каттамдар өз баасынан арзан. Президент айырманы Турукташтыруу фондунун эсебинен жабууну тапшырган.
Индияда эпидемия коркунучу бар Нипах вирусунун жайылып кетиши ыктымал деген кооптулук бар. The Independent басылмасынын жазышынча, мамлекет аны ооздуктоо аракетин көрүп жатат. Биринчи жуккан учур 19-январда катталган. Инфекция дарыгерлер жана медайымдарды да четте калтырган эмес. Учурда болжол менен 100 адам үй карантинине алынган, бир бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды. Нипах — өлүмгө алып келе турган вирус, ага каршы дары-дармек азырынча жок. Вирус жарганатта болорун айтышты. Ошондой эле аны киши вирус туруп калган жемиштер аркылуу да жугузуп алышы мүмкүн. Нипах мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү жана көк боорду жабыркатышы мүмкүн. Алгачкы белгилери: эт ысыйт, баш жана булчуңдар, тамак ооруйт, кусат. Кийинки этапта баш айлануу, уйку, курч энцефалитти көрсөтүүчү неврологиялык белгилер байкалат. Айрым учурларда өпкө адатта кездешкенинен башкача кагынып, дем алуу кыйындайт.
Америкада 750 миңден ашык кожолук аяз менен бороондуу кардан улам электр кубатысыз калганын Poweroutage басылмасы кабарлады. Табияттын катаал шартына байланыштуу ар кыл шаарларда 10 миңден ашуун аба каттамдары токтотулган. Мурдараак бул кыйынчылыкка негизинен Теннесси, Техас, Миссисипи жана Луизиана аймактары кабылганы айтылган. Бир катар калаалардын жашоочулары маркет, дүкөндөрдүн текчелеринен азык-түлүктөрдү сөздүн түз маанисинде алганда эле эч нерсе калтырбай, шыпырып алып кеткендиктерин жазышууда. Себеби бул күндөрү эшикке чыгуу да кыйын болууда. Кыштын апааты Кошмо Штаттарда 23-январда башталган. Улуттук метеорологиялык кызматтын болжолуна ылайык, Чыгыш Техастан Түндүк Каролинага чейинки аймакта катуу кар жаап, жолдор тайгак болууда. Кеминде 21 штатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.