Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185,6 млн сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344,9 млн сомду түзгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө өндүрүп алуу чарасы колдонулду. 2025-жылы келип түшкөн документтердин саны 495 миң 849га чейин көбөйүп, мурунку жылга салыштырмалуу 179 миң 917 документке же болжол менен 57%га көп болгон. Былтыр иш жүзүндө аткарылган документтердин саны 370 миң 760 жетип, өндүрүштө турган жалпы сандын 86,5%ын түзгөн. Бул көрсөткүчтөр документ жүгүртүүнүн олуттуу көбөйүшүн гана эмес, аткаруу деңгээлинин өсүшүн дагы айгинелейт. Жетишилген натыйжалар президенттин жарлыгы менен демилгеленген сот актыларын аткаруу системасын реформалоонун, ошондой эле Сот аткаруучулар кызматы Башкы прокуратуранын түзүмүнө өткөндөн кийин координацияны, контролду жана башкаруу механизмдерин күчөтүүнүн аркасында мүмкүн болгондугу айтылды.
Бишкек шаарында "Батыш айланма жолу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы, “Элдик Банк” , “Бат Жет” ЖЧКсы жана Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Меморандумдун максаты тараптардын аракеттерин координациялоо жана борбор шаардын транспорттук логистикасын жакшыртууга, ошондой эле Бишкек шаарынын жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга багытталган инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Тараптар тең укуктуулук, өз ара пайдалуулук жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты. "Батыш айланма жолу" долбоорун ишке ашыруу борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда маанилүү кадам катары каралууда.
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин баарында тең жеңишке жетишти. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 упай топтоп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды. Алтын медалы багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду. Таймашта күмүш