БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Келе жаткан жумада кар арбыныраак жаайт турганын синоптиктердин алдын ала берген маалыматынан көрсөк болот.
Чүй облусу
26-январь түнү тоолуу райондорго кар түшсө, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерди туман каптайт.
27-январь түнү жаан-чачын жок. Күндүз тоолуу райондорго кар түшсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
28-январдын түнү аймактын көпчүлүк бөлүгүндө, күндүз айрым жерлерде кар жаайт.
29-январда айрым жерлерге кар түшөт.
30-январда күн ачык турат.
31-январь түнү жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерге кар түшөт.
1-февраль түнү тоолуу райондорго кар гана жаайт. Жолдор тайгак болот.
Бишкек
26–27-январда жаан-чачын болбойт.
28-январь мезгил-мезгили менен кар түшөт.
29–31-январь өзгөрүп, ала булут каптап турат. Жаан-чачын азыраак жаашы мүмкүн.
1-февраль жаан-чачын болбойт.
Жолдор кардан улам тайгалак болот.
Талас аймагы
26-январь жаан-чачын жаабайт, бирок айрым жерлерди туман каптап турат.
27-январда күндүз тоолуу райондорго кар түшсө, дыйканчылык аймактарга жаабайт.
28-январда аймактын көпчүлүк бөлүгүнө кар түшөт.
29-январда айрым жерлерге кар түшөт.
30-январь түнү айрым жерлерге кар жаайт.
31-январда күндүзү айрым жерлерге кар түшөт.
1-февралда түнү айрым жерлерге кар жааса, күндүз жаан-чачын болбойт.
Жолдорду кар басып, муз тоңот.
Ош облусу
26-январда жаан-чачын болбогону менен айрым жерлерге туман түшөт.
27-январда жаан-чачын болбойт.
28–29-январда айрым жерлерге кар түшөт.
30-январда жаан-чачын болбойт.
31-январда күндүз айрым жерлерге кар түшөт.
1-февралда түндө айрым жерлерге кар жаайт.
Жолдор кардан улам тайгалак болот.
Ош шаары
26–27-январда жаан-чачын болбойт, ал эми 28-январь жана 29-январда түнү мезгил-мезгили менен кар түшөт.
29-январда күндүз, 30–31-январь жана 1-февраль жаан-чачын болбойт. Жолдор кардан улам тайгалак болот.
Жалал-Абад аймагы
26-январь түнү тоолуу райондорго кар түшсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерге туман түшөт.
27-январь түнү тоолуу райондорго, күндүз айрым жерлерге кар жаайт.
28-январда түнкүсүн аймактын көпчүлүк бөлүгүнө кар түшөт.
28-январда күндүз жана 29-январда айрым жерлерге кар түшөт.
30-январь түнү айрым жерлерде кар түшсө, күндүз жаан-чачын болбойт.
31-январда, 1-февралда айрым жерлерге кар түшөт. Жолдор кардан улам тайгалак болот.
Баткен облусу
26-январда жаан-чачын болбогону менен айрым жерлерге туман түшөт.
27-январь, түнү тоолуу райондорго кар жааса, дыйканчылык жерлерде жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерге кар түшөт.
28-январдын түнү айрым жерлерде, күндүз аймактын көпчүлүк бөлүгүндө кар жаайт.
29-январда кээ бир аймактарга кар жаайт.
30-январь түнү жаан-чачын болбойт, күндүз тоолуу райондорго кар түшөт.
31-январда айрым жерлерге кар жаайт.
1-февраль түнү тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдор кардан улам тайгалак болот.
Ысык-Көл дубаны
26-январь менен 27-январдын түнү жаан-чачын болбойт.
27-январда күндүз тоолуу райондорго кар түшсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
28-январдын түнү айрым жерлерде, күндүз аймактын көпчүлүк бөлүгүнө кар жаайт.
29-январда айрым жерлерге кар түшөт.
30–31-январда жаан-чачын болбойт.
1-февраль түнү айрым жерлерге кар жаайт. Жолдор кардан улам тайгалак болот.
Нарын облусу
26-январда жаан-чачын болбогону менен айрым жерлерди туман каптайт.
27-январда жаан-чачын күтүлбөйт.
28-январь түнү аймактын көпчүлүк бөлүгүндө, күндүз айрым жерлерге кар түшөт.
29-январда айрым жерлерге кар жаайт.
30–31-январда жаан-чачын болбойт.
1-февраль түнү айрым жерлерге кар түшөт.
Жолдор кардан улам тайгалак болот.