Украина боюнча Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүү майнаптуу болгону айтылды

РФ, АКШ жана Украинанын кезектеги диалогу кийинки жумага пландалды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Украинада тынчтык орнотуп, жаңжалды жөнгө салуу боюнча Москва, Киев жана Вашингтондун Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрү конструктивдүү маанайда өттү. Бул туурасында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф айтканын РИА Новости жазды.
Чабарман сүйлөшүүлөрдүн уландысы кийинки жумага пландалганын айтты.
Уиткофф Трамптын администрациясы украин жаңжалын жөнгө салууда чечкиндүү позицияда экенин белгиледи.
Бириккен Араб Эмирликтеринде Москва, Вашингтон жана Киевдин коопсуздук маселелери боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. ЖМКлардын маалыматына караганда, жолугушууда Россиянын Донбасска карата аймактык талаптары, Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы талаш талкууланган. Ошондой эле жаңжалдын чыңалуусун азайтуу, кырдаалды курчутпоого жана акырындык менен басаңдатууга багытталган конкреттүү чараларды карашкан.
Эске салсак, Россия президенти Владимир Путин Уиткофф менен жолугуп, төрт саатка чукул сүйлөшкөн.
Анда тараптар аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалын жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгилешкен.
Жолугушууга Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков менен атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышкан. Ал эми америкалык делегациянын курамында Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен Ак үйдүн улук кеңешчиси Жош Грюнбаум болгон
РФ ТИМи: аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалы жөнгө салынбайт