Түндүк айланма жолунун курулушу боюнча министрликтен айтып беришти

Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Түндүк айланма жолунун курулушунүн жүрүшү туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымат берди.
Министр Абсаттар Сыргабаев бүгүн айланма жолго барып, аны кыдырып, курулуш иштерин көрүп чыккан.
Алма-Ата — Бишкек — Ташкент жолунун 230-236-чакырымындагы эки деңгээлдүү үч жол түйүнү каттам үчүн убактылуу пайдаланууга берилди. Жаз алды менен асфальт басуу иштери уланмакчы.
Министр Сыргабаев курулуш иштеринин сапатына жана графикке ылайык жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл аталган жолдун 15 чакырымы, тагыраагы, Алма-Ата — Бишкек — Ташкент жолунун жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктайт деп күтүлүүдө.
Бишкекте түштүк айланма жол кайсы жерлерден өтөт. Башкы пландын долбоору