БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өзгөн районунда (Ош облусу) жол талаша кетип бычак ала чуркаган окуяда бирөө каза болуп, шектүү делген экинчиси кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициясынан билдиришти.
Кечээ, 24-январда, райондук милицияга 27 жаштагы Э.М. аттуу жигит учтуу нерседен алган оор жаракаттан улам көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ушул эле күнү окуя болгон жерден из жашырып кеткен 33 жаштагы Х. уулу С. аттуу шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", —деп билдиришти тартип сакчылар.
Тергөөдө шектүүнүн маркумду жол талаша кетип сайып жибергени белгилүү болгон.
Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.