БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда бензовоз өрттөнүп, эки киши каза тапканын ӨКМ кабарлады.
Кырсык Чүй облусунун аймагында болгону, маркумдардын ким экени такталып жатканы айтылды.
Өрттү саат 11:36да Жайыл районунан барган бригада өчүрүп, учурда автоунаалар эки тарапка тоскоолдуксуз каттап жатканын айтышты.