БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы Ленинград курчоосу менен Кыргызстандын каармандык байланышы Хельсинкиде өткөн иш-чарада эскерилди. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Финляндиянын Хельсинки шаарында өткөн эл аралык телекөпүрөнүн катышуучулары аталган тарыхый окуянын маанисин белгилешти.
Иш-чара Ленинград шаарынын фашисттик блокададан толук бошотулганына 82 жыл толгонуна арналды. Телемост Россиянын Финляндиядагы элчилиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдындагы жалпы билим берүү мектеби тарабынан уюштурулган.
Ага Кыргызстан, Швеция, Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан өкүлдөр: блокада жылдарын баштан кечирген ленинграддыктар, мугалимдер, окуучулар жана коомдук ишмерлер катышты. Жолугушууда ленинграддыктардын теңдешсиз эрдигинин мааниси жана тарыхый эс тутумду сактоо маселелери талкууланды.
...1944-жылдын январында блокада азабын тарткан ленинграддыктар СССРдин башка республикалары сыяктуу Кыргызстанга да жөнөтүлгөн. Аталган калаадан эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында кыргызстандык Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүрүп, мээримин төккөн.
Ленинград курчоосу Улуу Ата Мекендик согуштагы эң узакка созулган жана эң каардуу блокада болду. Ар кыл маалыматтар боюнча, андагы курмандыктардын саны 400 миңден 1,5 миллионго чейин деп айтылып келет.