БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Каалагандар ийилип-бүгүлө берсин, эң негизгиси, Россия андайга барбайт. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ал мындай пикирин АКШнын президенти Дональд Трамптын маселени күч менен чечкен ыкмасы тууралуу сөз кылып жатканда айткан.
"Трамп, негизинен бардык маселени кара күчкө салып, кол толгоп чечмейдин колдоочусу экен. Мындай басым-кысымга моюн сунгандар мындан ары да жүгүнгөнүн уланта беришет. Эң негизгиси, биз андай кылбашыбыз керек", — деген Песков.
Песков ошондой эле "европалык саясатчылардын жер карама мууну" Трамптын чечкиндүүлүгүнө каршы тура албай турганына токтолгон. Ал эми АКШ менен Европанын ортосунда түзүлгөн кырдаал көп жылдан бери Евробиримдикте үстөмдүк кылып келген эки жүздүүлүктүн натыйжасы экенин кошумчалады.