БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Америкада 750 миңден ашык кожолук аяз менен бороондуу кардан улам электр кубатысыз калганын Poweroutage басылмасы кабарлады.
Табияттын катаал шартына байланыштуу ар кыл шаарларда 10 миңден ашуун аба каттамдары токтотулган. Мурдараак бул кыйынчылыкка негизинен Теннесси, Техас, Миссисипи жана Луизиана аймактары кабылганы айтылган.
Бир катар калаалардын жашоочулары маркет, дүкөндөрдүн текчелеринен азык-түлүктөрдү сөздүн түз маанисинде алганда эле эч нерсе калтырбай, шыпырып алып кеткендиктерин жазышууда. Себеби бул күндөрү эшикке чыгуу да кыйын болууда.
Кыштын апааты Кошмо Штаттарда 23-январда башталган. Улуттук метеорологиялык кызматтын болжолуна ылайык, Чыгыш Техастан Түндүк Каролинага чейинки аймакта катуу кар жаап, жолдор тайгак болууда. Кеминде 21 штатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.