БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Чек ара кайгуулунун кызматкери кишини атып салышы АКШны кайрадан жарым-жартылай шатдаунга кириптер кылышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости жазды.
ЖМКлар маркум медицина кызматкери болуп иштеген АКШнын 37 жаштагы жараны Алекс Претти аттуу адам экенин жазышты.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, АКШда жарым-жартылай шатдаун (мамлекеттик мекемелердин иши токтоп калуу) болуу ыктымалдыгы күчөдү. Буга демократтардын Ички коопсуздук министрлигин (МВБ) каржылоого байланыштуу дооматтары себеп болууда. Алардын айтымында, сунушталган мыйзам долбоору иммиграция кызматындагы мыйзам бузуу жана ашыкча ыйгарым укуктарды колдонуу көрүнүштөрүн чектөөгө жөндөмсүз.
Миннеаполисте нааразылык акциялары кечээ башталды. Буга мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд учурунда Чек ара кызматынын офицери укук коргоо органдарына тапанча менен жакындаган Преттини атып салганы себеп болгон.
Алар кооптуу кишини куралсыздандыруу мүмкүн болбой, ок өзүн-өзү коргоо максатында атылды дешүүдө. ЖМКлар маркумдун медицина кызматкери болуп иштегенин жазышты.
Бул чырдан кийин демократтар аталган мекеменин бюджети боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү талабын койду. Мекеменин чектен ашкан кадамдарын ооздуктаганга аракет кылып жатышат. Ага республикачылар каршы.
АКШ өкмөтүндө жарым-жартылай шатдаунга жол бербөө үчүн Сенатта жума күнгө чейин убакыт бар. Документти кабыл алуу үчүн 60 добуш талап кылынат.Иммиграция саясатындагы кризис АКШны кайрадан шатдаунга кириптер кылышы мүмкүн