БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Америка Россия менен башталган сүйлөшүүлөрдө алар үчүн ашыкча жүк болуп калган Владимир Зеленскийден кутулууга аракет кылат. Бул туурасында АКШ армиясынын запастагы подполковниги Дэниел Дэвис YouTube каналындагы эфирде айткан.
"Россиялык тарапта каражаттар, ресурстар — таасир этүүчү рычагдар бар. Алардын көз карашында (Украина — ред.), бул он жылдан ашык убакыттан бери кыйнап келген жара сыяктуу. Өкмөт алмашат жана демилитаризация болот. Алар Зеленскийдин кадамын андан ары улантышына эч качан жол беришпейт", — деген ал.
Ал Кошмо Штаттардын тарыхында мурдагы досторго карата катаал мамиле кылган учурлар болгонун белгилеген.
"Зеленский маанилүү оюнчу болбой калгандан кийин ашка жүк, башка жүккө айланды. Эми андан эптеп кутулганга аракет кылышат. Биз мурдагы согуштарда айрым союздаштарыбызга карата радикалдуу ыкмаларга да барганбыз. Ал мындай окуялар бар экенин билиши керек", — деген Дэвис.
Бириккен Араб Эмирликтеринде Москва, Вашингтон жана Киевдин коопсуздук маселелери боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. ЖМКлардын маалыматына караганда, жолугушууда Россиянын Донбасска карата аймактык талаптары, Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы талаш талкууланган. Ошондой эле жаңжалдын чыңалуусун азайтуу, кырдаалды курчутпоого жана акырындык менен басаңдатууга багытталган конкреттүү чараларды карашкан.
Соңку учурда Украина ички жана тышкы саясаттагы кырдаалдан улам өтө начар абалда турганын, андыктан сунушталган келишимдин шартына көнүшү керектиги байма-бай айтыла баштады.