Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстан Россиядан кирди-чыкты кылбаса деле мигранттарды көзөмөл реестринен чыгарууну суранды Бул маселени тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев РФтин миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен жолукканда көтөргөн. Реестрден чыгуу үчүн такталган процедура же атайын механизм жок болгондуктан, мекендештер кыйналып жатканы белгиленген. Кыргыз тарап мигранттарды онлайн каттаган "Амина" тиркемесин Москва шаары менен облусунда гана колдонсун деп чектебестен, Россиянын башка ири калааларына да жайылтууну сунуштаган. Аталган жолугушуу Борбор Азия жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын биринчи жыйынынын алкагында өткөн.
Ленинград курчоосу менен Кыргызстандын каармандык байланышы Хельсинкиде өткөн иш-чарада эскерилди Финляндиянын Хельсинки шаарында өткөн эл аралык телекөпүрөнүн катышуучулары аталган тарыхый окуянын маанисин белгилешти. Иш-чара Ленинград шаарынын фашисттик блокададан толук бошотулганына 82 жыл толгонуна арналды. Телемост Россиянын Финляндиядагы элчилиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдындагы жалпы билим берүү мектеби тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстан, Швеция, Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан өкүлдөр — блокада жылдарын баштан кечирген ленинграддыктар, мугалимдер, окуучулар жана коомдук ишмерлер катышты. Жолугушууда ленинграддыктардын теңдешсиз эрдигинин мааниси жана тарыхый эстутумду сактоо маселелери талкууланды. Ленинград үчүн болгон айыгышкан салгылашууларда 4,5 миңден ашуун кыргызстандык курман болгон. Согуш жылдарында курчоодогу шаардан Кыргыз ССРине 16 миңден ашуун адам эвакуацияланган, алардын ичинде 3,5 миң бала болгон.
Чек ара кайгуулунун кызматкери кишини атып салышы АКШны кайрадан жарым-жартылай шатдаунга кириптер кылышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости жазды. ЖМКлар маркум медицина кызматкери болуп иштеген АКШнын 37 жаштагы жараны Алекс Претти аттуу адам экенин жазышты. CNN телеканалынын маалыматына караганда, АКШда жарым-жартылай шатдаун болуу ыктымалдыгы күчөдү.Буга демократтардын Ички коопсуздук министрлигин (МВБ) каржылоого байланыштуу дооматтары себеп болууда. Алардын айтымында, сунушталган мыйзам долбоору иммиграция кызматындагы мыйзам бузуу жана ашыкча ыйгарым укуктарды колдонуу көрүнүштөрүн чектөөгө жөндөмсүз.
Вашингтон Кубанын бийлигин кысымга алуунун жаңы чараларын, анын ичинде мунай импортун токтотуу максатында толук деңиз блокадасын киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Politico басылмасына таянып РИА Новости жазды. ЖМКлардын маалыматына ылайык, бул вариантты АКШ президентинин администрациясындагы Куба бийлигин сындагандар колдоодо. Ошондой эле бул демилгени АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да кубаттайт. Булактар бул маселе боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына электигин белгилешкен. Ошого карабастан, тиешелүү сунуштар Куба бийлигин алмаштырууга багытталган кеңири чаралар пакетинин алкагында президент Дональд Трампка сунушталышы мүмкүн. Каракаста болгон операциядан кийин Ак үйдүн башчысы Гаванага карата мамилесин кескин өзгөрткөн. Адегенде ал АКШ Кубага каршы аскердик аракеттерди жүргүзбөй турганын, анткени өлкө өзү эле кыйроого аз калганын билдирген. Бирок бир нече күндөн кийин Трамп Куба бычактын мизинде турганын айтып, АКШга “бул жерге келип, баарын жардыруудан башка жол калбады” деп коркуткан. Кийинчерээк Трамп Куба мындан ары Венесуэладан нефть да, каржылык жардам да албай турганын белгилеген.