Министрлер кабинети Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин уулуу химиялык калдыктарды, эскирген пестициддерди, ртуть жана мис кислоталарын коопсуз сактоо жана жоюу боюнча жооптуу орган деп белгиледи. Чечим Стокгольм конвенциясынын милдеттерин аткаруу жана уулуу калдыктарды башкарууну жакшыртуу максатында кабыл алынды. Министрликке эл аралык инвестицияларды тартуу, бул калдыктарды жоюу, зыяндалган аймактарды тазалоо жана рекультивациялоо милдети жүктөлдү. Ишке ашыруу министрликтин бюджетинин жана мыйзамдуу башка булактардын эсебинен каржыланат. Документ 7 күндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 23-январында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Кыргызстандагы Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар шайлоо процесстериндеги эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Шандор Дороги Венгрия Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинде заманбап санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасына, ошондой эле гендердик квоталарды киргизүү жана ишке ашыруу практикасына кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле жолугушууда 2026-жылдын 12-апрелине белгиленген Венгриядагы парламенттик шайлоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында, атап айтканда Бишкек шаарындагы Венгрия элчилигинде, Венгрия жарандары үчүн шайлоо участогун уюштуруу маселеси каралды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Триатлон федерациясы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда реалити-шоу старт аларын белгиледи. "Алгачкы ирет уюштурулган иш-чарага бюджеттик уюмдарда иштеген, эч кандай спорттук разряды жок, спорттон оолак 10 кызматкерди тандап алууну чечтик. Биз аларга чуркоону, сууда сүзүүнү жана велосипед тебүүнү үйрөтөбүз. Толук жана туруктуу медициналык көзөмөлдөн тартып керектүү жабдыктар менен витаминдерге чейин камсыз кылабыз", — деди Молдажиев. Анын айтымында, долбоорго мамлекеттик мекемеде кеминде беш жылдык иш тажрыйбасы бар, жашы 28ден 38ге чейинки жарандар катыша алышат. Иш-чара март айынан сентябрга чейин уланат.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кубага нефть жеткирүүнү токтотуу максатында деңиз блокадасын киргизүү ыктымалдыгын талкуулоодо. Бул тууралуу Meduza басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Администрациянын ичинде бул чараны колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар. Деңиз блокадасын АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио колдойт. Ошол эле маалда айрым чиновниктер нефть жеткирүүлөрдүн толук токтошу Кубада гуманитардык кризиске алып келиши мүмкүн** деп кооптонушууда. Венесуэладан нефть ташуунун азайышы эле аралдын экономикасына терс таасир