БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Акыркы бир жумада кышкы эс алуу учурунда жабыркаган 74 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Бишкектеги Тез жардам ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, лыжа, муз тээп бейтапканага кайрылгандардын он чактысы оор абалда болсо, калган бейтаптарга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.
“Айрымдары эс алуудан омурткасын кокустатып алууда. Көбү башынан жабыркап, мээси чайкалгандар. Бүгүн эле төрт бейтап түштү. Алардын бири Караколдо лыжа тээп жатып кулап кеткен. Калган үчөө баллон менен түшүп жабыркаган”, — деген башкы дарыгердин орун басары Илимбек Манапов ЭлТР телеканалынын эфиринде.
Анын айтымында, кышкы эс алуунун эң кооптуу түрү баллон менен тоодон түшүү болуп эсептелет.