ЖМК: Киев сунушталган келишимдин шартына көнүшү керек, башка айласы жок

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Украина ички жана тышкы саясаттагы кырдаалдан улам өтө начар абалда турат, андыктан сунушталган келишимдин шартына көнүшү керек. Бул тууралуу Berliner Zeitung гезити жазганын РИА Новости билдирди.
“Аягында Украинаны биринен бири өткөн аянычтуу эки сценарий күтүп турат. Чечүү жолу көрүнбөгөн дилемма пайда болду. Ички көйгөйлөр, ыдырап бараткан фронт, анан да Дональд Трамптын далысын салышы... Украина жарга такалды”, — деп айтылат макалада.
Басылма Киев туш болгон көйгөйдүн көбү жаңжалдын олуттуу кесепетин эске албаган Европанын туура эмес чечиминин натыйжасы экенин белгилеген.
Кечээ Бириккен Араб Эмирликтеринде Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жыйынтыкталды.
Сүйлөшүүгө коопсуздук маселелери боюнча россиялык жумушчу делегация жөнөтүлгөн. Анын курамына Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кирип, топту Генштабдын Башкы башкармалыгынын жетекчиси, адмирал Игорь Костюков жетектөөдө. АКШнын делегациясында Жош Грюнбаум, Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер бар. Украина тараптан СНБО катчысы Рустем Умеров баштаган топ катышып жатканы айтылды.
Ошондой эле Абу-Дабиде эки тараптын экономикалык маселелер боюнча топторунун жетекчилери да жолугушмак. Анда РФПИнин башчысы Кирилл Дмитриев жана АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф сүйлөшүп, АКШда тоңдурулган россиялык активдер маселесин талкуулашары айтылган.
РФ ТИМи: аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалы жөнгө салынбайт