РФ ТИМи: аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалы жөнгө салынбайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Аймактык маселени Анкоридж формуласы боюнча чечмейинче, украин жаңжалын биротоло турукташтыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия менен кайра бириккен аймактардын жашоочуларынын өз тагдырын өзү аныктоо укугу урматталышы керек.
Кечээ Бириккен Араб Эмирликтеринде Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жыйынтыкталды.
Сүйлөшүүгө коопсуздук маселелери боюнча россиялык жумушчу делегация жөнөтүлгөн. Анын курамына Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кирип, топту Генштабдын Башкы башкармалыгынын жетекчиси, адмирал Игорь Костюков жетектөөдө. АКШнын делегациясында Жош Грюнбаум, Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер бар. Украина тараптан СНБО катчысы Рустем Умеров баштаган топ катышып жатканы айтылды.
Ошондой эле Абу-Дабиде эки тараптын экономикалык маселелер боюнча топторунун жетекчилери да жолугушмак. Анда РФПИнин башчысы Кирилл Дмитриев жана АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф сүйлөшүп, АКШда тоңдурулган россиялык активдер маселесин талкуулашары айтылган.
Трамп Украина дагы бир топ аймагынан кол жуушу мүмкүндүгүн айтты