БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов "Аврора" санаторийи тууралуу видео жарыялап, ага эс алуу жайынын маалымат кызматы жооп берди.
Эл өкүлү андагы башаламан абалды, санитардык талапка жооп бербеген ашкананы, чачылган бөлмөлөрдү, эмерек, буюм-тайымдарды тартып жүктөгөн. Видеодо айтылгандар боюнча санаторий тараткан маалыматка таянсак, учурда ал жерде оңдоо иштери жүрүп жатат. Мекеме санаторий негизделгенден бери бир да жолу капиталык оңдоодон өтпөгөнүн белгилеген.
“Эрулан Көкүлов видеодо таракандардын бар экендигине өзгөчө басым жасаган. Бул кадрлар тамактануучу залда же иштеп жаткан ашканада эмес, ашкананын кампалык бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда тартылган. Курулуш жана демонтаж иштери жүрүп жаткан техникалык зоналарда санитардык абал боюнча убактылуу четтөөлөр болушу мүмкүн жана бул жалпы санаторийдин санитардык абалын чагылдырбайт. Бул учурда таракандар оңдоо иштери маалында тартылган визуалдык контенттин элементи болуп калган”, — деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле тартипти бузганы үчүн иштен чыгарылган кызматкерлер аталган депутатка кайрылганы белгиленген. Жоопто эс алуу жайынын кирешеси көбөйүп, мекеме акырындык менен заманбап стандарттарга ылайык келтирилип жатканы айтылды.