БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Венгрия Евробиримдик аркылуу Украинага акча бөлүүгө жол бербейт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан социалдык тармактагы баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.
“Биз мекенчил өкмөттү колдойбуз. Биз үчүн өз элибиз биринчи орунда. Украинанын Евробиримдикке киришине каршыбыз жана Венгриянын каражатын Украинага берүүгө жол бербейбиз”, — деп жазган ал.
Орбан белгилегендей, башка мамлекеттер Украинага каалашынча жардам кыла беришсин. Бирок бул Евробиримдик аркылуу жана Будапешттин эсебинен болбошу керек. Ошондой эле ал Киев Венгрияны Евробиримдикке мүчө болуу жолунда тоскоолдук катары көрүп, аны “эптеп жоготууну” каалап жатканын кошумчалаган.
Киев режиминин башчысы Давосто сүйлөп жатып, Европанын акчасына жашап, ошол эле учурда европалык кызыкчылыктарды сатып жаткан "Виктор" дегендер чыпалакка да татыбай турганын билдирген. Ал ошондой эле Европанын өзүн коргой албаганын шылдыңдап, ЕБдин Гренландияга өтө аз аскер жөнөткөнүн мисал келтирип, бул Россия менен Кытайга “туура эмес белги” экенин айткан.
Зеленский Орбанга карата буга чейин да бир нече жолу сыйлабастык менен пикир билдирген. Айрыкча, Венгрия лидери Украинаны Евробиримдикке кабыл алуу туура болобу же жокпу деген билдирүүлөрүнөн кийин ар кандай сөз менен чыккан.
Буга чейин Венгриянын премьер-министри Украинадагы чуулгандуу коррупциялык жаңжалдарга карабай Киевди колдогондорду сынга алган. Орбан венгер элинин акчасы өлкөнү өнүктүрүүгө жумшалышы керектигин, ал украиналык олигархтардын алтын жалатылган ванналарына кетпеши зарыл экенин безге сая айткан.