Министрлик эки курулуш компаниянын лицензиясын үч айга токтотту

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Курулуш министрлиги “Зам Зам билдинг” жана “Аалам строй” курулуш компанияларынын лицензиясын 90 күнгө токтотту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министрлик эки компаниянын курулуш иштерин 17-январдан тарта текшерген. Жыйынтыгында "Аалам строй" ЖЧКсынын Анкара көчөсү, 2, 3/6 жана 3а даректеринде курулуп жаткан турак жай комплекстеринде техникалык коопсуздук эрежелери менен мыйзамдар бузулганы аныкталган.

“Компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораторияларда текшерткендиги белгилүү болгон. Мындан тышкары, курулуш объектиндеги блоктор мыйзамсыз түрдө үлүш ээлерине пайдаланууга берилгени аныкталган”, — деп билдирди министрлик.

Мындан тышкары, "Аалам строй" компаниясы 3 миллион сом айыпка жыгылган.
Ал эми "Зам Зам билдинг" компаниясынын Севастопольская көчөсү, 8, Славян көчөсү, 6/1 жана Фурманов көчөсү, 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексине мыйзам бузуулар аныкталган. Ошондой эле курулуш-монтаждоо иштеринде бир катар курулуш ченемдери бузулганы айтылды.
Бишкекте батирлердин баасы төмөндөшү мүмкүн