БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 25 пайызга өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө жалпы 15,4 миллард кВт/саат электр энергиясы коротулган. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 19,3 миллиард кВт/саатты түздү. Башкача айтканда, беш жыл ичинде электр энергиясын керектөө 4 миллиард киловатт/саатка көбөйдү.
“Электр энергиясын керектөөнүн жогорулашы мамлекетте экономика өсүп жатканынан кабар берет”, — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле Кыргызстан былтыр 15,4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өзү өндүрүп, коңшу мамлекеттерден 3,8 миллиард кВт/саатты импорттоп алганы айтылды.