БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өкмөт театрлардын, цирктердин жана башка театралдык-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсияга укук берүүчү тизмени бекитти. Бул тууралуу Маданият, мааламыт жана жаштар саясаты министрилигинен билдиришти.
Кабарга караганда, сахнада 20 жылдан кем эмес чыгармачылык стажы барларга 50 жаштан кийин пенсияга чыкканга укук берилди.
“Токтомго ылайык, балет артисттери, бий аткаруучулары, мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери, травести-артисттери, цирк жана концерттик уюмдардын гимнасттары, акробаттары, эквилибристтери, машыктыруучулары, маскарапоздору, вокалисттер, хор артисттери жана үйлөмө аспаптарда ойногон артисттер эрте пенсияга чыгууга укук алышат”, — деп айтылат маалыматта.
Документ расмий жарыяланып, ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.