АКШ Кубаны деңиз блокадасына алып, туш тараптан кысмакка алмакчы

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Вашингтон Кубанын бийлигин кысымга алуунун жаңы чараларын, анын ичинде мунай импортун токтотуу максатында толук деңиз блокадасын киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Politico басылмасына таянып РИА Новости жазды.
ЖМКлардын маалыматына ылайык, бул вариантты АКШ президентинин администрациясындагы Куба бийлигин сындагандар колдоодо. Ошондой эле бул демилгени АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да кубаттайт.
Булактар бул маселе боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына электигин белгилешкен. Ошого карабастан, тиешелүү сунуштар Куба бийлигин алмаштырууга багытталган кеңири чаралар пакетинин алкагында президент Дональд Трампка сунушталышы мүмкүн.
Каракаста болгон операциядан кийин Ак үйдүн башчысы Гаванага карата мамилесин кескин өзгөрткөн. Адегенде ал АКШ Кубага каршы аскердик аракеттерди жүргүзбөй турганын, анткени өлкө өзү эле кыйроого аз калганын билдирген. Бирок бир нече күндөн кийин Трамп Куба бычактын мизинде турганын айтып, АКШга “бул жерге келип, баарын жардыруудан башка жол калбады” деп коркуткан.
Кийинчерээк Трамп Куба мындан ары Венесуэладан нефть да, каржылык жардам да албай турганын белгилеген.

АКШнын Венесуэлага каршы операциясы

Жыл жаңыргандан кийин 3-январга караган түнү Каракаста бир нече жарылуу болгон. АКШ президенти Штаттар борбор шаарга масштабдуу сокку уруп, Венесуэланын президенти Николас Мадурону, жубайын кармап, өлкөдөн кеме менен алып кетишкенин билдирген. Адегенде аларды Американын Гуантанамо аскердик базасына жеткиришип, андан ары Нью-Йоркко, учурда кармалып турган Бруклиндеги тергөө абагына алып барышкан.
Акыркы айларда АКШ баңгизат ташыйт деген жүйө менен кемелерди жок кылуу үчүн бир нече жолу күч колдонгон. Америка бийлигинин билдирүүсү боюнча, мындай операциялар улуттар аралык кылмыштуулук жана баңгизат соодасы менен күрөшүүгө багытталган.
Ушундан улам Каракас менен Вашингтондун мамилеси бузулуп, бир топ чыңалган абалга жетти. Ак үй ЦРУга Венесуэлада Мадуронун өкмөтүн чайпалтуу үчүн жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми башкы прокурор Пэм Бонди Мадурону камакка алууга көмөк болчу маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык каралганын жарыялаган.
Декабрдын ортосунда АКШ президенти Трамп Латын Америкасындагы бул өлкөнүн башчысын "активдерди уурдаганга, террорчулукка, баңгизат аткезчиликтерине жана адам сатууга" айыптап, аны террордук уюм деп атаган. Ошондой эле Трамп андан уурдалды делген нефтини, жерди жана каражаттарды кайтарууну талап кылып, санкцияга кирген нефть ташыган бардык кемелерге бөгөт коюла турганын эскерткен.
Каракас бийлиги АКШнын чабуулунун максаты Венесуэланын мунайына жана минералдык ресурстарына үстөмдүк кылуу деп эсептейт. Өлкөнүн тышкы иштер министри Исан Хиль Пинтонун айтымында, сокку карапайым тургундар менен аскер кызматкерлеринин өмүрүн алган.
Россиянын ТИМи Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип, абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосу Вашингтонду Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.
АКШ Мадурону "Баңгизат террорчулугуна байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кокаинди аткезчилик менен ташууга, пулемет жана жарылуучу заттарды сактоого, аларды Штаттарга каршы колдонуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө" айыптап, төрт ирет өмүр бою эркиндигинен ажыратышы ыктымал. Мадуро күнөөнү мойнуна алуудан баш тарткан. Саясатчыны 17-мартта кезектеги сот отурумуна келүүгө милдеттендиришкен.
Кубадагы бийликти алмаштыруу. Трамптын администрациясынын планы боюнча айтышты