БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. 25-январь, жекшембиде, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас аймагында -4...+1, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5 градуска чейин жылыса, Баткенде -1...+4 градус, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...-5, Нарын жергесинде -7...-12 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында 0...+2 градуска чейин жылыйт.