Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Индияда демократия жана шайлоону башкаруу маселелери боюнча эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чараны Индиянын Шайлоо комиссиясы Индиянын Демократия жана шайлоону башкаруу боюнча эл аралык институту International IDEA менен биргеликте уюштурду. Программанын алкагында БШКнын өкүлдөрү шайлоо процессин башкарган органдардын жетекчилеринин жабык пленардык сессиясына катышып, анда International IDEA уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов "Аврора" санаторийи тууралуу видео жарыялап, ага эс алуу жайынын маалымат кызматы жооп берди.Эл өкүлү андагы башаламан абалды, санитардык талапка жооп бербеген ашкананы, чачылган бөлмөлөрдү, эмерек, буюм-тайымдарды тартып жүктөгөн. “Эрулан Көкүлов видеодо таракандардын бар экендигине өзгөчө басым жасаган. Бул кадрлар тамактануучу залда же иштеп жаткан ашканада эмес, ашкананын кампалык бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда тартылган. Курулуш жана демонтаж иштери жүрүп жаткан техникалык зоналарда санитардык абал боюнча убактылуу четтөөлөр болушу мүмкүн жана бул жалпы санаторийдин санитардык абалын чагылдырбайт”, — деп айтылган маалыматта. Жоопто эс алуу жайынын кирешеси көбөйүп, мекеме акырындык менен заманбап стандарттарга ылайык келтирилип жатканы айтылды.
Сот аткаруучулар кызматы тарабынан 2025-жылы мамлекеттин кирешесине өндүрүлгөн каражаттын суммасы 1,5 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы өндүрүлгөн сумма 633 млн 271 миң 231 сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1 млрд 62 млн 228 миң 280 сомго чейин көбөйгөн.Мындан тышкары, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Сот аткаруучулар кызматы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң 605 сом өндүрүлгөндүгү белгиленет. Ошондой эле мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн 924 миң 684 сомду түзгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк өндүрүлгөндүгү кошумчаланган.