Кыргызстанда мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасын түзүү пландалууда5 жылда электр энергиясын керектөө 4 млрд кВт/с өстүИскусство адамдарынын пенсияга чыгуу эрежеси озгорду. Алдыда кененирээкКыргызстанда мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди. Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл болгон учурларда бул маселе курч турат.Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында жогорку технологиялык жабдуулар, өнүккөн логистика жана санариптик инфраструктура менен камсыздалган заманбап мамлекеттик референс-лаборатория түзүү долбоорун иштеп чыгууга киришти, деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 4 млрд кВт/саатка же 25%га өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, 2020-жылы электр энергияны керектөө 15,4 млрд кВт/саат болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч 19,3 млрд кВт/саатты түздү. Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин алдында калкты жана экономиканы үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле өлкөдөгү электр энергиянын тартыштыгын жоюу маселеси турганын белгилеп. бир катар тапшырмаларды берди.
Министрлер кабинети театрлардын, цирктердин жана башка театралдык-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсияга укук берүүчү тизмени бекитти. Токтомго ылайык, сахнада 20 жылдан кем эмес чыгармачылык стажы бар балет артисттери, бий аткаруучулар, мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери, травести-артисттери, цирк жана концерттик уюмдардын гимнасттары, акробаттары, эквилибристтери, машыктыруучулары, маскарапоздору, 50 жашка чыккан балбандар, вокалисттер, хор артисттери жана үйлөмө аспаптарда ойногон артисттер пенсия алууга укук алышат. Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Аймактык маселени Анкоридж формуласы боюнча чечмейинче, украин жаңжалын биротоло турукташтыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Россия менен кайра бириккен аймактардын жашоочуларынын өз тагдырын өзү аныктоо укугу урматталышы керек. Кечээ Бириккен Араб Эмирликтеринде Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Сүйлөшүүгө коопсуздук маселелери боюнча россиялык жумушчу делегация жөнөтүлгөн. Анын курамына Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кирип, топту Генштабдын Башкы башкармалыгынын жетекчиси, адмирал Игорь Костюков жетектөөдө. АКШнын делегациясында Жош Грюнбаум, Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер бар. Украина тараптан СНБО катчысы Рустем Умеров баштаган топ катышып жатканы айтылды.