Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстан "Борбор Азия — Россия" форматынын алкагында аймактык күн тартибиндеги бардык негизги маселелер боюнча кызматташууну бекемдөөнү максат кылууда. Бул тууралуу Москвада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусунда КР ТИМ башчысынын орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Жолугушуу Россия тараптын демилгеси менен уюштурулуп, 2025-2027-жылдарга карата биргелешкен аракеттердин планын жана 2025-жылы Душанбеде өткөн "Борбор Азия — Россия" саммитинде мамлекет башчылары тарабынан сунушталган демилгелерди талкуулоо максатында өткөрүлгөн. Имангазиев өнөктөштүк мүнөзүндөгү мамилелерди белгилеп, аймактык коопсуздуктун, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын, транспорттук жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун сооданы өнүктүрүүгө, жүк ташууну жана эмгектенген жарандардын эркин жүрүшүнө тоскоол болгон жагдайлар менен чектөөлөрдү алып салуу демилгесинин контекстинде миграция маселесине токтолду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Триатлон федерациясы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда реалити-шоу старт аларын белгиледи. "Алгачкы ирет уюштурулган иш-чарага бюджеттик уюмдарда иштеген, эч кандай спорттук разряды жок, спорттон оолак 10 кызматкерди тандап алууну чечтик. Биз аларга чуркоону, сууда сүзүүнү жана велосипед тебүүнү үйрөтөбүз. Толук жана туруктуу медициналык көзөмөлдөн тартып керектүү жабдыктар менен витаминдерге чейин камсыз кылабыз", — деди Молдажиев. Анын айтымында, долбоорго мамлекеттик мекемеде кеминде беш жылдык иш тажрыйбасы бар, жашы 28ден 38ге чейинки жарандар катыша алышат. Иш-чара март айынан сентябрга чейин уланат. "Негизги максат — дене тарбияны жана спортту жайылтуу, адамдын кандайча өзгөрө аларын ачык көрсөтүү. Сөз бир гана тышкы көрүнүштүн өзгөрүшү эмес, ден соолуктун жакшырышы, тартипке көнүү жана активдүү жашоого болгон сүйүүнү калыптандыруу жөнүндө болуп жатат", — деп белгиледи агенттиктин директору. Арызды 1-февралдан тартып эркектер да, аялдар да бере алышат. Тандоо 15-февралда жыйынтыкталат. Андан кийин катышуучулардын иш графигине жараша машыгуу планы түзүлөт.
Быйылкы жылдын аягына чейин жасалма интеллект ар бир адамдын акыл-эс жөндөмүнөн ашып түшөт, ал эми беш жылдан кийин бүткүл адамзаттын жалпы акылынан да акылдуу болот. Бул туурасында америкалык мультимиллиардер Илон Маск Давосто өткөн дүйнөлүк эл аралык форумда айтты. Анткен менен ал дүйнөнү таң калтырып жаткан ЖИни адам баласы салмактап, кылдат пайдаланышы зарылдыгын да эскертти. "Терминатор" кинофильминдей болбош үчүн жасалма интеллект менен абайлап иштеш керек", — деди ал. Ишкер жасалма интеллект жаатында 2030-жылдары болуп көрбөгөндөй жаңычылдыктар болорун кошумчалады.