Пентагон Россия кубаттуу аскердик жана өнөр жай күчүн сактап калганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Украинадагы жаңжал Россиянын кубаттуу аскердик жана өнөр жай күчүн сактап калганын айгинелейт. Бул туурасында Пентагондун жаңы коргонуу стратегиясында айтылганын РИА Новости жазды.

“Украинадагы узакка созулган жаңжал Россиянын мурункудай эле эбегейсиз аскердик резерви менен өнөр жай кубатын сактап калганын далилдейт”, — деп айтылган документте.

Мындан тышкары, атайын операцияда Россия улуттук чечкиндүүлүктү көрсөткөнү белгиленген.
Буга чейин АКШнын Аскер министрлиги Россияда дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк арсенал бар экенин, өлкө аны модернизациялоону жана диверсификациялоону улантып жатканын эске салган. Ошол эле маалда Пентагон РФти НАТОнун Чыгыштагы мүчөлөрү үчүн “туруктуу, бирок башкарууга боло турган коркунуч” деп мүнөздөдү.
АКШда ЦРУ Зеленскийге катаал айып коюуга даярданып жатканы айтылды