БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Тегеран кандай гана агрессия болбосун, ага катуу жооп кайтарат. Бул тууралуу жогорку кызматты ээлеген ирандык расмий өкүл билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, ал атын атабаган шартта билдирүү жасаган.
“Бул жолу бизге карата жасалган чабуулду, ал чектелгенби же чектелбегенби, “хирургиялыкпы”, кинетикалыкпы, же башкача аталышта болобу, кандай болсо да биз аны толук масштабдагы согуш катары кабыл алабыз жана ага эң катуу жооп беребиз”, — деп билдирген ал журналисттерге.
Анын айтымында, учурда Тегеран Израиль менен болгон 12 күндүк согуш маалындагыга салыштырмалуу кыйла жакшы абалда.
Бейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык кемелер “коопсуздук чарасы катары” Иран тарапка багыт алып жатканын билдирген. Ага чейин кол салуу ниети бар-жогун так айткан эмес.
Ирандагы башаламандык жана Трамптын коркутуусу
Өткөн жылдын аягында Иранда улуттук валютанын куну түшкөндөн улам нааразылык акциялары башталып, кийин ал массалык башаламандыктарга жана бийликке каршы акцияларга айланган. Чыңалуунун күчөгөн чеги Ирандын тактан кулатылган шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыктарынан кийин байкалган. Ал жалпы иш таштоого, стратегиялык маанидеги көчөлөрдү жана объектилерди басып алууга үндөп, ошондой эле АКШ президенти Дональд Трампты окуяларга кийлигишүүгө чакырган.
Мындай шартта өлкөдө интернет өчүрүлүп, нааразычылык акцияларына катышкандар менен укук коргоо кызматкерлеринин арасында курман болгондор бар экени тууралуу маалыматтар чыккан. 12-январда расмий Тегеран кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирген. Президент Масуд Пезешкиан экономикалык реформалар улантыларын убада кылып, башаламандыктарды уюштурууда АКШ менен Израилди айыптаган.
АКШ президенти Трамп нааразычылык акцияларына катышкандарды колдой турганын айтып, Иранга карата абадан сокку уруп, андан башка да кадамдарга барарын кыйыткан. Тегеран бул билдирүүлөрдү өлкөнүн эгемендигине коркунуч катары баалоодо.