БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Давосто Украинаны калыбына келтирүү боюнча макулдашууга кол койбогону жеңилүүгө тете болду. Мындай маанидеги макаланы Financial Times жазды.
Басылма анын бул кадамын саясий утулуш катары сыпаттаган. Саммитке чейин америкалык аткаминерлер менен талкууланган документтер толук иштелип чыкпай, натыйжада кол коюлган эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп Зеленский менен бир саатка созулган жолугушуудан кийин Швейцариядагы курорттон кетип калган. Жыйынтыгында тараптардын ортосундагы кандайдыр бир келишим боюнча анык бир макулдашуу болгон эмес.
Буга чейин Politico гезити Зеленский Трамптын Давос сапарындагы көзмө-көз сүйлөшүү боюнча алдын ала белгиленген графигине жазыла албай койгонун билдирген.
Анткен менен Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып, шаршембиде Зеленский менен жолуга турганын билдирген эле. Айтылган жолугушуу бир саатка жетпеген убакытта бүтүп калган. Трамп ага оң баасын берип, тынчтыкка багыт алган талкуулар уланып жатканын белгилеген.