БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ысык-Атада автоунаасы бакты сүзүп, анын кесепетинен бир аял ошол жерден, дагы бир кыз ооруканага алып баратканда жолдон каза болуп калды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Бүгүн Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда айдоочу рулга ээ боло албай калып, Hyundai Solaris жолдон чыгып кеткен.
Чакыруу түшкөндөн кийин жетип барган ӨКМдин Ысык-Ата районундагы куткаруучулары автоунаадан сөөктү жана жаракат алган эки аял менен бир кызды алып чыгып, Тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп берген. Жогоруда айтылгандай, кыз тез жардамдын ичинде, медиктер ооруканага алып баратканда үзүлгөн.