БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. 11-февралдан баштап Кыргызстанда жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдө навигациялык пломбалар колдонула баштайт. Алардын зарылдыгы менен артыкчылыктарын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКтын өкүлү Игорь Петрухин түшүндүрүп берди.
Азырынча алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциясын ташуу тууралуу кеп болуп жатат.
"Башкача айтканда, бул GPS-трекери жана ар кандай датчиктери бар "акылдуу" кулпу. Реалдуу убакыт режиминде транспорттун жайгашкан жерин жана ылдамдыгын көрсөтүп турган толук кандуу борттук компьютер. Эгер пломба ачылып кетсе же унаа кандайдыр бир кырсыкка учураса, ал дароо сигнал жөнөтөт", — деп белгиледи Петрухин.
Ал ошондой эле бул долбоор бир нече маселени чечүүгө жардам берерин баса белгиледи:
жүк ташууларды кыйла ачык-айкын кылып, аткезчиликти жоюуга көмөк көрсөтөт;
жүктүн уурдалып кетүү ыктымалдыгын азайтат;
жеткирүүнү тездетет, анткени транспорт дайыма көзөмөлдө болот, текшерүү азаят.