Кыргызстанда соттолгон өспүрүмдөр үчүн “Умтул” программасы башталды. Видео
19:58, 23 Үчтүн айы 2026
№14 түзөтүү мекемесинде “Умтул” программасы башталды. Анын алкагында соттолгон өспүрүмдөр менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын психологдору иш алып барышууда.
Программанын максаты — балдардын өзүн-өзү түшүнүүсүнө жардам берүү, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, оор жагдайлардан чыгууга үйрөтүү жана коомго ыңгайлашуусуна шарт түзүү.