Улуттук кардиологиялык эки борборго жаңы жетекчилер дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Борбор калаада жайгашкан Улуттук кардиологиялык эки борборго жаңы жетекчилер дайындалып, жамаатка тааныштырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчилигине Талант Эралиев, ал эми Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илим-изилдөө институтунун башчылыгына Жалил Шейшенов дайындалды.
"Кардиологиялык жардам системасы так жана ырааттуу иштеши керек. Буга чейин аныкталган көйгөйлөр башкаруу жаатындагы чечимдер зарыл экенин көрсөттү. Жаңы команда тартип орнотуп, ишти туура уюштуруп, клиникалык жакшы жыйынтык чыгарат деп күтөбүз", – деди саламаттык сактоо министринин орун басары Айбек Маткеримов.
Талант Эралиев 2011-жылы Россиянын Петербург шаарынын Сергей Киров атындагы Аскердик-медициналык академиясын "дарылоо иши" адистиги боюнча бүтүргөн.
Жалил Шейшенов 1999-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын "дарылоо иши" адистигин аяктаган.
Буга чейин эки кардиологиялык медициналык мекеменин жетекчилери ишиндеги алешемдиктен улам кызматтан алынган.
Бишкектеги балдар ооруканасында дарыгер кыз каза болду. Милиция текшерүү баштады