БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп эгерде Украина жаңжалды жөндөө боюнча Россия менен келишим түзө албаса, дагы бир топ аймагынан кол жууп калышы ыктымалдыгын айтты. Бул маалыматты РИА Новости таратты.
"Путин (РФ лидери — ред.) бардыгын толук алгысы келет деп ойлогом. Ошондой деле болушу мүмкүн, бирок келишим түзүлбөсө, макулдашылбаса, андай кескин кадамга барбайт", — деген Ак үйдүн кожоюну.
Россия Украинада тынчтыкты орнотууга даяр экендигин бир нече ирет айтып, аны менен катар эле АКШ сунуштаган тынчтык планын талкуулоого катышып келет. Ал эми Киевдин бул жааттагы кадамы илең-салаң болууда. Кремлден украин бийлигинин кепке келип, сүйлөшүүсүнө мезгил жеткенин айтышкан.