"Мындай иштерге шыктуумун". Трамп украин чырын токтотуу мүмкүндүгү тууралуу

Америка лидери Украина жаңжалында чектерди ажыратуу кыйынга туруп жатканын да моюндаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп украин чырын токтотуп, абалды жөнгө салуучу жөндөмү бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Мындай иштерге шыктуумун, колуман келер-келбесин көрө жатарбыз", — деген өлкө башчысы.
Буга чейин Трамп украин чырынын бүтүшүн көпчүлүк каалап жатканын билдирген болчу.
Ошентсе да АКШ президенти украин жаңжалында чектерди ажыратуу кыйынга туруп жатканын да мойнуна алды.
"Көчөлөр бар, суу, чек ара дегендей. Жеңил эмес маселе", — деди өлкө лидери.
Белгилей кетсек, Россия Украина маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө даяр экенин бир нече жолу эскерткен. Москва АКШнын тынчтык планын талкуулоого да активдүү катышып келгенин, бирок Киев режиминин эпке келүү ниети күмөн жаратарын белгилеген.
Путин Кремлде Трамптын өкүлдөрү менен жолукту. Төрт сааттык талкуунун жыйынтыгы