БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караган Токтогул районунда айдоочу бир кишини сүзүп, унаасын жүктөп бараткан жерден кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 20-январда болуп, жолдун жээгинен болжол менен 60 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Райондук милиция барган кезде сүзгөн киши из жашырып, таптырбай кеткени аныкталган.
Жол милициясы шектүү айдоочу Төө-Ашуудан кармалганын билдирди. Баткен облусунун 29 жаштагы тургуну унаасын жүктөп алып Бишкекти көздөй келе жатканда колго түшкөн, учурда камакта.