УКМК Бакай-Ата районунун акими менен Талас токой чарбасынын директорун кармады

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. УКМК Талас токой чарбасынын А.Н.Ж. аттуу директору менен Бакай-Ата районунун А.Б.М. аттуу акими кармалганын кабарлады.
Маалыматта алар 2022-2023-жылдары токойдун 9,4 гектар жерин эс алуу жайына айланткан деп айыпталып жатканы айтылат. Аким мурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
УКМК аталган эс алуу жайы Таласка барчу борбордук жолдун жээгинде экенин, ага кадастрдык каттоо, курулуш органдарынан уруксат кагаздары алынбаганын белгиледи. Жалпысынан мамлекетке 23 миллион сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары, А.Б.М. айылдык депутаттар менен сүйлөшүп алып, Бакай-Атадагы 475 мырза теректи кыюуга уруксат берген. Натыйжада мамлекетке 5,3 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголуп, А.Б.М. жана А.Н.Ж. Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн. сом пара менен кармалды